“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында жаңы бильярд жайы ачылды

31 Октябрь 2026 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны: 40

Айылдын өнүгүшү анын тургундарынын демилгесинен башталат. Жеке кызыгуудан жаралган идея кээде бүтүндөй жамаат үчүн пайдалуу ишке айланат. Мунун бир мисалы — Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жаңы бильярд жайынын ачылышы.



Демилгенин автору — жергиликтүү тургун Кубат Урматбек уулу. Кесиби боюнча гидромелиорация адистигин аяктаган Кубат бильярдга болгон кызыгуусун айылдаштары үчүн пайдалуу иш менен айкалыштырууну чечкен. Анын айтымында, айылда элдин эс алып, бош убактысын көңүлдүү өткөрүүсүнө ылайыктуу жайлардын аздыгы да бул кадамга түрткү болгон.
«Бильярд жайын ачуу идеясы өзүмдөн чыкты. Бул менин жеке кызыгуум менен байланыштуу. Айылда эс алуучу жайлардын жоктугун эске алып, айылдаштарыбыз үчүн ушундай жай ачсам деген ой пайда болду», — дейт Кубат.

Демилгени ишке ашыруу бир жылга жакын убакытты талап кылган. Ачылышка кеткен жалпы чыгым азырынча так эсептеле элек. Ошентсе да, ишкердин башкы максаты — айыл тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп, алардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү.
Көптөн бери ойлонулган идея 2026-жылдын октябрь айынын аягында ишке ашып, бильярд жайы алгачкы конокторун кабыл ала баштады.


Жаңы жай, айрыкча, жаштардын бош убактысын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле айылдагы коомдук жашоону жандандырып, тургундардын башын бириктире турган дагы бир эс алуу жайы пайда болду.
Чолпон айылындагы бул демилге жеке аракеттин натыйжасында жаралган жакшы саамалык катары айылдаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Даярдаган: Амина Жумабаева