2026-жылдын 20-октябрында Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинде «Соң-Көл куштарын бирге сактайлы!» аттуу жамааттык экологиялык фестиваль өттү. Иш-чарада көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, канаттууларды жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, жайыттарды туура пайдалануу жана туризмдин жаратылышка тийгизген таасирин азайтуу маселелери талкууланды.
Фестиваль «Канаттуулар континенттерди бириктирет — алардын үйүн чогуу коргойлу!» деген ураандын алдында өтүп, ага илимий кызматкерлер, экологдор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чара «Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту» коомдук фондунун демилгеси менен, Швециянын эл аралык өнүктүрүү кызматташтык агенттигинин (SIDA) колдоосу астында уюштурулду.

Фестивалдын жүрүшүндө Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун улук илимий кызматкери Айнура Асанова Соң-Көлдүн канаттуулар үчүн маанисине токтолуп, көлдө сейрек кездешүүчү, анын ичинде Кызыл китепке кирген канаттуулар да кездешерин белгиледи. Анын айтымында, көл канаттуулардын миграция учурунда эс алуусуна, азыктануусуна жана көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн маанилүү жаратылыш аймагы болуп саналат.


Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун Флора лабораториясынын улук илимий кызматкери Мыскал Ганыбаева көлдүн айланасындагы өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана жайыттарга түшкөн басымды азайтуу зарылдыгын айтты. Адистин белгилешинче, жайыттарды туура пайдалануу жана өсүмдүктөрдүн табигый калыбына келишине шарт түзүү Соң-Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо маанилүү роль ойнойт.


Экологиялык коопсуздук уюмунун жетекчиси Анара Султангазиева жайыттарды туура пайдалануу, туристтердин жүрүм-турумун жөнгө салуу жана жаратылыштын калыбына келишине шарт түзүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Соң-Көлгө келген туристтердин жаратылышка аяр мамиле кылуусу жана туристтик аймактарды туура уюштуруу экологиялык көйгөйлөрдү азайтууга өбөлгө түзөрүн айтты.



Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар төрт командага бөлүнүп, экологиялык квесттер, форум-театр, канаттууларды байкоо боюнча практикалык мастер-класс боюнча өз ара күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле экологиялык көргөзмө, сүрөт көргөзмөсү, жергиликтүү продукциялардын жарманкеси уюштурулду.




Иш-чаранын негизги максаты — коомчулуктун экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу жана Соң-Көлдүн жаратылышын коргоого багытталган биргелешкен аракеттерди күчөтүү.
Соң-Көлдү сактоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Жайыттарды туура пайдалануу, канаттууларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, туризмди экологиялык талаптарга ылайык уюштуруу аркылуу гана бул баалуу жаратылыш мурасын келечек муундарга сактап бере алабыз.
Даярдаган: Илима Жумабаева.