Чолпон айылындагы борбордук көчөнү түнкүсүн жарыктандыруу максатында күн энергиясы менен иштеген чырактар орнотулууда. Долбоор Кочкор районун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ага 800 миң сом бөлүнгөн. Учурда айылдын борбордук бөлүгүнө чырактар орнотулуп, көчөгө көрк берип, түнкү убакта жарык берип баштады.
Чолпон айылында көчөлөрдү жарыктандыруу жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Учурда айылдын борбордук көчөсүнө күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу чырактары орнотулду.

Чолпон айыл аймагынын башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин маалыматына караганда, борбордук көчөнү жарыктандыруу долбоору буга чейин эле демилгеленип, Кочкор районун өнүктүрүү фондуна сунушталган. Долбоор жактырылып, аны ишке ашыруу үчүн 800 миң сом каражат бөлүнгөн.
Жарыктандыруучу жабдуулар 2024-жылы алынып келинип, ошол жылдын аягында жеткирилген. Аларды орнотууга даярдоо, ширетүү жана бириктирүү иштери белгилүү убакытты талап кылган. Айыл башчысынын жеке демилгеси менен ширетүүчүлөр башка жактан тартылып, жабдууларды даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда чырактарды орнотуу иштери башталып, айылдын борбордук бөлүгүндө түнкүсүн жакшы жарык берүүдө.

Долбоордун алкагында көчөнүн баш жагындагы болжол менен 500 метр аралыкка жарыктандыруу орнотуу иши кийинки этапка калтырылган. Бул тилкеде жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалып жаткандыктан, жарыктар жол куруу иштери аяктагандан кийин орнотулат.
«Баарын бир убакта бүтүрүү кыйын, анткени ар бир ишке каражат жана убакыт талап кылынат. Ошондуктан иштерди кезеги менен жүргүзүп жатабыз. Азыр айылдын борбордук бөлүгүнө жол чырактары орнотулуп, түнкүсүн жакшы жарык берип жатат. Алдыда башка көчөлөрдү да жарыктандыруу боюнча пландарыбыз бар», — деди Закир Ашимович.


Ошондой эле айыл аймагындагы Чекилдек–Эпкин жолунун жээгине да жарыктандыруулар орнотулган. Мындан тышкары, келерки жылы Чолпон айылынын ичиндеги жолдордун эки тарабына тротуар куруу боюнча долбоор даярдалып, тиешелүү документтер Нарын облусунун жана Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун алкагындагы каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык иштелип жатат.

Айыл башчысынын айтымында, келечекте Чолпон айылынын ички көчөлөрүнө да жарыктандырууларды этап-этабы менен орнотуу пландалууда. Бул иштер айылдын инфраструктурасын жакшыртып, тургундардын кечки жана түнкү убакта коопсуз жүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.
Чолпон айылында жүргүзүлүп жаткан бул иштер айылдын көркүн жакшыртууга, көчөлөрдүн түнкү жарыктыгын камсыз кылууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Даярдаган: Илима Жумабаева, Айтунук Таалайбекова.