“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айыл өкмөтү элди арзан көмүр менен камсыз кылууда

18 Октябрь 2026 жыл 19:47
Көрүүлөрдүн саны: 47

Кышка даярдык көрүү максатында Чолпон айыл өкмөтү жергиликтүү тургундарга көмүрдү тоннасына 5500 сомдон сунуштоодо. Бул үчүн мурда кароосуз калган имарат оңдолуп, көмүр базасы уюштурулган.
Күз келип, күн сууй баштаганда ар бир үй-бүлө кышкы отундун камын көрүүгө аракет кылат. Мындай учурда көмүрдүн баасы жана аны жеткиликтүү жерден сатып алуу мүмкүнчүлүгү тургундар үчүн өзгөчө мааниге ээ.


Чолпон айыл өкмөтү калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында мурда пайдаланылбай калган имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, анын ордуна көмүр базасын уюштурган. Бул тууралуу көмүр сатуучу Нургазы Байзаков билдирди.
Анын маалыматына караганда, учурда Кара-Кеченин Беш-Сары көмүрү жергиликтүү тургундарга тоннасына 5500 сомдон сатылууда. Базаны уюштуруунун негизги максаты — элге көмүрдү жеткиликтүү баада сунуштап, кышка даярдык көрүүсүнө көмөк көрсөтүү.


Жаңы уюштурулган көмүр базасы тургундарга отунду жеринен сатып алууга шарт түзөт. Мындай демилге кышкы камылганы өз убагында көрүүгө жана үй-бүлөлүк чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыш мезгилин жылуу жана коопсуз өткөрүү үчүн көмүрдү алдын ала камдап алуу менен катар мештердин жана морлордун абалын текшерип, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо да маанилүү.

Даярдаган: Арууке Осмонова.