“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

АИС — мугалимдердин эмгегин баалоонун санариптик жолу

10 Октябрь 2026 жыл 16:16
Көрүүлөрдүн саны: 92

2026-жылдын 9-октябрында Кочкор районунун Маданият үйүндө Мугалимдер күнүнө карата сыйлык тапшыруу аземи өттү.
Салтанаттуу иш-чарада Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин үч мугалими Чолпон Бейшекеева, Гүлира Сатарова, Назгүл Ишенбаева АИС маалыматтык системасы аркылуу «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты. Мындан тышкары, мектебибиздин бир катар мугалимдери райондук, профсоюздук жана айыл өкмөтүнүн грамоталарын алышты. Алар Гүлнур Сатыбалдиева, Жылдыз Алдашова, Элира Асанова, Гүлмира Султангазиева, Мунара Токторбаева, Уран Табылды уулу.
Бул сыйлыктар — мугалимдердин үзүрлүү эмгегине, кесипкөйлүгүнө жана билим берүү тармагына кошкон салымына берилген татыктуу баа.
АИС системасынын артыкчылыгы — мугалимдердин жетишкендиктерин санариптик форматта каттоого, маалыматтарды иреттөөгө жана сыйлыкка көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнүндө. Бул система мугалимдердин эмгегин таанууга, татыктууларды аныктоого жана сыйлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.


Мугалимдин эмгегинин бааланышы — жаңы ийгиликтерге шыктандырган чоң дем-күч.
Сыйлыкка ээ болгон бардык кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик жана окуучулардын жетишкендиктерине күбө болгон кубанычтуу күндөрдү каалайбыз! Эмгегиңиздер ар дайым бааланып, баркыңыздар бийик болсун!

Даярдаган: Илима Жумабаева.