“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылдык китепканасындагы семинар: жаңылануу, заманбап ыкмалар жана залкарды эскерүү

17 Сентябрь 2026 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны: 36

№3 Чолпон айылдык китепканасында семинар болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкананын директору Бурулсун Султаналиева заманбап китепканачылардын тажрыйбалары, окурман тартуунун жаңы формалары жана залкар акын Кубанычбек Маликовдун 115 жылдыгына арналган маданий кече тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү.

Ай сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келген бул семинар өз максатына жетип, катышуучулар үчүн жаңы маалыматтарга, иш тажрыйбаларга бай болду. Иш-чарага катышкан Бурулсун Адылкановна Султаналиеванын айтымында, ар бир семинар китепканачылар үчүн чыныгы жаңылануунун жана терең тажрыйба алмашуунун аянтчасы болуп келет.

Сөз арасында Бурулсун Адылкановна №3 Чолпон айылдык китепканасынын китепканачысы Динара Кадырованын жигердүү эмгегин өзгөчө белгилеп өттү. «Биздин китепканачыбыз окурмандардын колунан жаралган данакер формасындагы көргөзмө менен тааныштырып, кубандырып отурат. Динара Кадырова ушундай жакшы окурмандарды тартып, ийримдер менен абдан жакшы иштеп жатыптыр», — деди директор.

Имараттын ичи чакан болгонуна карабастан, заманбап талапка ылайык онлайн аянтчаларды (WhatsApp тайпалары, Facebook баракчалары) активдүү колдонуп, элге маалыматты кеңири жайылтып жатканы, иш тажрыйбасы менен бөлүшүп жатканы өзгөчө бааланды.

Семинардын башкы маданий бөлүгү залкар, калем ээси Кубанычбек Маликовдун 115 жылдык мааракесине арналды. Бурулсун Султаналиева белгилегендей, китепканачы жөн гана «китеп оку» дебестен, окурмандардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларды өз алдынча кызыктыра алды. Чыгармачыл мамиленин негизинде окурмандар Кубанычбек Маликовдун ырларын, өмүр баяын жана чыгармаларын өздөрү катышып, активдүү чагылдырып беришти.

«Жөн гана китеп оку дебей, иштин жаңы формасы менен окурмандарды ошого өзүлөрүн катыштырып, активдүү иштесек, иш оңой жана кызыктуу болот. Жеке гана Кубанычбек Маликовду эмес, башка жазуучулардын дагы чыгармаларын окуп, китепкана аркылуу таанышсак болот», — деп кошумчалады Бурулсун Адылкановна.

Китепкана — ноль жаштан баштап ардагер-пенсионерлерге чейин кызмат кылган ачык коомдук аянтча. Иш-чарага катышкан айыл агайы да китепкана менен тыгыз байланышта иштешип, өзүнүн ак батасын, жылуу каалоосун билдирди.

Райондук китепкана тармагынын директору Бурулсун Султаналиева өз сөзүн жыйынтыктап жатып, айылдык китепканаларга көңүл буруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Эгер өкмөт көңүл бурса, китепкананын ичи жылуу, жарык болсо, ал эми китепканачы ушундай жакшы иштесе, биздин айылыбыз, Кыргызстаныбыз өнүгөт. Биздин китепканачыбыздын элге ушундай ак ниет кызмат кылып жатканына абдан ыраазыбыз».

Даярдаган: Илима Жумабаева