Быйыл Кыргызстандын мектептеринде Билим күнү өзгөчө тартипте, 15-сентябрда белгиленди. Окуу жылынын башталышы маанилүү мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына байланыштуу жылдырылган.
Бүгүн Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде Билим майрамына карата салтанаттуу линейка болуп өттү.


Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин коштоосунда ачылды. Андан соң мектеп администрациясы сөз сүйлөп, окуучуларды, мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.



Салтанаттын соңунда мектеп босогосун биринчи ирет аттаган 1-класстын окуучулары алгачкы коңгуроону кагып, 2026–2027-окуу жылы расмий түрдө ачылды.
Даярдаган: Илима Жумабаева.