Чолпон айылында күзгү дан жыйноо иштери жигердүү жүрүүдө. Быйыл жаан-чачындуу жыл болгондуктан, түшүмдүүлүк мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла жогору. Дыйкандар арпа менен буудайды коромжусуз жыйнап алуу үчүн талаа жумуштарын ылдамдатылган тартипте жүргүзүшүүдө.

Учурда айыл четиндеги аянттарда оруп-жыюу өнөктүгү уланууда. Талаа жумуштарына Чолпон айылынан 3 комбайн тартылган. Ошондой эле дан ташыганга жүк ташуучу автоунаалар иштеп жатат.



Гектарынан алынган түшүмдүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу өстү. Бул тууралуу комбайнчы Руслан Сөлпиев билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта оруп-жыюу иштеринин жарымы аяктады.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.