Малчылардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Соң-Көлгө баруучу 5 чакырымдай жол сүрүлүп оңдолду. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолдун татаал тилкелерин иретке келтирип, унаалардын каттоосун кыйла жеңилдетишти.
Бийик тоолуу Соң-Көл жайлоосунда жайкы сезон башталганына байланыштуу малчылардын көчү жайлоого багыт алып, туристтердин да агымы кескин көбөйдү. Жолдун сапатын жакшыртуу жана каттамды жеңилдетүү максатында жыл сайын жүргүзүлүүчү оңдоо иштери быйыл да ийгиликтүү аяктады.
Жолду калыбына келтирүү жумуштарына Жыргалбек Карып уулу, Рахат Талантбек уулу жана Канат Мамбеталиев тартылып, муниципалдык ишкананын техникалары менен иштешти.

Жумуштун жүрүшү жана жасалган аймактар тууралуу Жыргалбек Карып уулу айтып берди. Анын маалыматына караганда, атайын техникалардын жардамы менен жалпысынан 5 километрдей жол калыбына келтирилген.
Акташтан Батай аралына чейинки жана Батай аралынан Жумгалдын Түз-Ашуусуна чейинки жол оңдолду.


Каарда же жаан-чачында унаалар өтө албай кала турган мерчемдүү, кооптуу жерлерге кум-шагыл төгүлүп, жолду түздөө иштери жүргүзүлдү.
Учурда жол толугу менен иретке келтирилип, жайлоого бараткан малчылар жана туристтер үчүн тоскоолдуксуз, коопсуз каттоо шарттары түзүлдү.
Даярдаган: Гүлира Сатарова