Ар бир мектептин өзүнүн сыймыктанган тарыхы жана жакшы каада-салттары болот. Ал эми биздин мектептеги эң сонун салттардын бири – бүтүрүүчүлөрдүн өз мектебине мөмөлүү дарактарды отургузуп, жашыл мурас калтыруусу.
Корчубек Акназаров атындагы мектептин 1979-жылы туулган бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык жолугушуусунда белек катары жемиш бактарды отургузуп кетишкен. Арадан жылдар өтүп, ал бактар бүгүнкү күнү түшүм берип, окуучулар менен мугалимдерди кубантууда.


Бирок убакыттын өтүшү менен айрым дарактар куурап, өспөй калганы байкалган. Муну көрүп кайдыгер карап турбаган кийинки муун – 1997-жылы туулган бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн 10 жылдык жолугушуусунда бул демилгени колго алышты. Алар куурап калган жемиш бактардын ордун толуктап, мектеп бакчасына: 70 түп «Превосход» сортундагы алма, 20 түп абрикос, 10 түп алмурут көчөттөрүн алып келип отургузуп беришти.



Муундар аралык ынтымакты көрсөткөн бул аракет – мектепке болгон сүйүүнүн, ыраазычылыктын жана келечек муунга калтырган чоң үлгүсүнүн белгиси. Бүгүн отургузулган ар бир жаш көчөт – мектебибиздин келечегине кошкон баалуу салым.
Мектебибиздин өнүгүшүнө жана көрктөнүшүнө өз салымын кошкон бардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз! Жакшы тилек менен отургузулган бакчабыз мындан ары да жайнап, мөмөсүн бере берсин!
Даярдаган: Гүлира Сатарова