“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Көк тиреген жайлоо жана кымыздын сыры

1 Июль 2026 жыл 0:39
Көрүүлөрдүн саны: 23

Жайлоо — кыргыз элинин байыркы маданияты, каада-салты жана жашоо образы сакталган куттуу конуш. Бүгүнкү макалабызда жайлоонун бейпил турмушун көрсөтүп жана улуттук сыймыгыбыз болгон кымыздын өңү эмне үчүн ар кандай боло тургандыгы тууралуу айтып беребиз.

Быйыл жайлоодо береке бар. Жаан-чачын көп болуп, чөп калың жана жакшы өстү. Шаардын ызы-чуусунан, унаалардын түтүнүнөн чарчаган адам жайлоого барганда кадимкидей эс алат.  Ал жерде бийик тоолор асманга тирелип, айлана жапжашыл килемдей кулпурат.


Тунук жана муздак булактар агып чыгат. Абасы таза, түркүн-түстүү гүлдөр өсүп, айланага жагымдуу жыпар жыт тарайт. Айланада боз үйлөр тигилип, табияттын көркүн ачат. Тээ алыстан оттоп жүргөн малдар көрүнүп, кулундардын кишенегени, койлордун маараганы кулакка угулат. Жайлоодо убакыт абдан жай жана бейпил өтөт. Ал жерде эч ким шашпайт, ар бир адам табияттын сулуулугуна суктанат.


Мындай кереметтүү жайлоонун чөптөрүнө оттоп, булак суусун ичкен бээнин сүтү абдан пайдалуу болот. Ошондуктан, кыргыз эли байыртадан бээ сүтүнөн кымызды даярдап келишкен.
Эмне үчүн кымыз аппак же сары болот?
Бул суроону биз Кызарт жайлоосун жайлаган малчы Бакытбек Асановго узатып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
“Жаздын башында же жайдын башталышында, тагыраак айтканда май-июнь айларында чөп жаш, ширелүү болгондуктан бээнин сүтү суюк жана ак болот. Мындай сүттөн ачытылган кымыз аппак өңдө болуп, адамдын организмине абдан сиңимдүү келет.
Ал эми жай ортолоп, жайлоодогу чөптөр бышып, гүлдөп калганда бээнин сүтү да коюуланып, курамындагы майлуулук деңгээли жогорулайт. Мына ушул убакта ачытылган кымыз саргыч түскө ээ болот”, — деп түшүндүрдү.


Муну менен бирге саргыч кымыз: Эгерде кымыз куюла турган идиш (чанач же башка идиш) атайын чөптөр, арча менен ышталып, ичине май сыйпалса, андагы кымыз өзүнө ыштын жагымдуу жытын жана даамын сиңирип, саргыч түскө боёлот.
Ал эми ышталбаган идиштеги кымыз өзүнүн табигый аппак өңүн өзгөртпөй сактап калат.
Кандай гана болбосун, жайлоого барып, кыргыздын боз үйүнүн төрүндө отуруп, жаңы бышылган кымыздан ичүү — ар бир адамга өзгөчө кубат, ден соолук жана руханий дем берет. Жайлоонун берекеси үзүлбөсүн!

Даярдаган: Балбай Качкынбеков.