“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Эл кызматындагы ишкерлер

23 Июнь 2026 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны: 27

Күнүмдүк жашоодо дүкөндөрдөн сырткары, чач тарач, унаа оңдоочу жай же тигүү цехи сыяктуу тейлөө кызматтарынын орду чоң. Аларсыз айылдын күнүмдүк турмушун элестетүү кыйын. Айылыбызда элге кызмат кылган кандай жайлар бар жана алардын өзгөчөлүгү эмнеде?
Биз айылыбызды кыдырып, эл кызматында жүргөн адистерди тааныштырууну туура көрдүк. Чынын айтсак, репортаж учурунда бардык жайларды камтууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кээ бири биз барган учурда кардарларын тейлеп жүрүшкөнүнө же чакыруу менен чыгып кеткендигине байланыштуу камерага түшпөй калышты. Бул — айылдагы кызмат көрсөтүүчүлөр дайыма кыймыл үстүндө экенин көрсөтөт. Ошентсе да, төмөнкүдөй тейлөө жайлары жөнүндө кеп кылабыз…