“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Корчубек Акназаров мектебинде «Акыркы коңгуроо» кагылды

29 Май 2026 жыл 23:37
Көрүүлөрдүн саны: 22

Бүгүн Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө жана толкунданткан күн — «Акыркы коңгуроо» салтанаты болуп өттү. Быйылкы окуу жылынын аякташы башка жылдардан өзгөчөлөнүп, салттуу 25-май эмес, дал ушул 29-майда белгиленгени менен айырмаланды.

Майрамдык салтанат билим уясында чоң даярдык, жогорку маанай менен коштолду. Мектептердин алды атайын жасалгаланып, түркүн түстүү шариктер, куттуктоо плакаттары жана гүлдөр айланага өзгөчө көрк тартуулады. Салтанаттуу иш-чарага мектеп жетекчилиги, мугалимдер, ата-энелер жана атайын чакырылган сыйлуу коноктор катышты.


Көптөн күткөн бул күнү бүтүрүүчүлөрдүн толкундануусу чексиз болду. Алар мектеп партасында өткөн кызыктуу күндөрүн эскеришип, агай-эжейлерине, ата-энелерине арналган ырларын аткарып, каалоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле, коштошуу вальсын бийлеп, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.


Салтанаттын эң негизги учуру — мектеп босогосун аттап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы жолу коңгуроо кагылган мүнөттөр болду. Бул үн алар үчүн балалык менен коштошуунун жана чоң турмушка кадам таштоонун символуна айланды.


Алдыда бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик сынактар жана кесип тандоо сыяктуу жооптуу учурлар күтүүдө. Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн сапары байсалдуу болсун!

Даярдаган: Илима Жумабаева.