Чолпон айыл өкмөтүнө 2024-жылдын май айында жергиликтүү бийлик жана мамлекеттин колдоосу менен айыл чарбасы жана тиричилик муктаждыктары үчүн 4 жаңы техника келген. Арадан убакыт өтсө да, бул техникалар бүгүнкү күндө айыл тургундары үчүн кызмат кылууда.

Айылыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу максатында келген техникалардын катарында төмөнкүлөр бар:
• Жүктөгүч (3 кубдук Погрузчик)– ири көлөмдөгү жүктөрдү жүктөөгө ыңгайлуу.
• Казгыч-жүктөгүч (Экскаватор)– жер казуу жана тазалоо иштерине жардам берет.
• Таштанды ташуучу унаа (Мусоровоз) – айылдын тазалыгын сактоо үчүн атайын жабдылган унаа.
• Хово самосвалы – оор жүктөрдү ташуучу, өзү төгүүчү унаа.
Хово самосвалынын айдоочусу Рахат Талантбековдун айтымында, бул техника мурунку камаздарга салыштырмалуу бир топ артыкчылыктарга ээ.
«Бул машина абдан тынч жана жумшак жүрөт. Жүк көтөрүмдүүлүгү 15 тонна деп эсептелгени менен, көмүрдү 14 тоннага чейин, ал эми кум-шагылды 20 тоннага чейин эч кыйналбай ташыйт. Жолго шагыл төгүүдө да, элдин жеке жумуштарында да өтө натыйжалуу,» — дейт ал.

Жаңы техникалар келгени айыл өкмөтүнүн жана тургундардын көптөгөн маселелери чечилди. Учурда бул техникалар төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтүп жатат: Курулуш үчүн кум-шагыл жеткирилет. Тургундардын эски үйлөрүн бузуп, таштандыларын чыгарып берүү иштери жүрөт. Көпүрөлөрдүн салынышына, арыктарды казууда жана башка көптөгөн жумуштарда бул техникалар кызмат кылып жатат.

Бул техникалар айылдын өнүгүүсүнө жаңы дем берди. Жана дагы техника келүүсү күтүлүүдө. Эл ишине жараган мындай долбоорлор айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.