Кочкор районунда 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата шахмат боюнча турнир өтүп, анда Корчубек Акназаров атындагы мектептин мугалими Чынгыз Ишенбек уулу 1-орунду камсыз кылды.
Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук спорт инструктору жана уюштуруу комитети тарабынан шахмат боюнча райондук турнир уюштурулду. Бул мелдеш аймактагы акыл таймашынын күйөрмандары үчүн майрамдык маанайдагы негизги спорттук иш-чаралардын бири болду.

Бул турнирдин өзгөчөлүгү — катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлган жок. Шахмат тактасынын үстүндө мектеп окуучулары менен тажрыйбалуу чоңдор беттешип, муундар аралык кызыктуу таймаш орун алды. Жалпысынан 9 мыкты шахматчы өз ара күч сынашып, ар бир партия курч мүнөздө өттү.

Жыйынтыгында, бардык каршылаштарын артта калтырып Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими турнирдин жеңүүчүсү аталды. Ал өзүнүн шахматтагы чеберчилигин далилдей алды.
Жеңиш ээси өзүнүн кубанычын кесиптештери жана район тургундары менен бөлүшүп, төмөнкүлөргө токтолду:
«Бүгүнкү 9-май – Улуу Жеңиш күнү менен бардык кесиптештеримди жана мекендештеримди чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бир агартуучунун өмүрү узун, ден соолугу чың болуп, үй-бүлөсү менен аманчылыкта болсун. Тынчтыктын символу болгон ушундай спорттук иш-чаралар көп болсун», — деди ал.

Райондук деңгээлде өткөн бул мелдеш шахмат спортун жайылтууга жана Жеңиш майрамынын кадыр-баркын даңазалоого багытталды.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.