“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жээгине жемиш бактары тигилди

1 Май 2026 жыл 0:32
Көрүүлөрдүн саны: 16

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун боюнда жашылдандыруу иштери жүрүүдө. Чолпон айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси Максат Дүйшөнбек уулунун билдирүүсү боюнча, стратегиялык маанидеги жолдун жээгине Ысык-Көлдөн атайын алынып келинген 200 жемиш багы тигилип, аймактын экосистемасын жакшыртууга багытталган демилге ишке ашты.

Бул демилгени ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан 1 гектар жер аянты бөлүнгөн. Негизги басым жол жээгин көрктөндүрүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга жасалды. Ысык-Көлдөн 170 сомдон 270 түп абрикос алынып келип, анын ичинен 200 түп көчөт «Тармал Саз» тилкесине отургузулду.


Бул тилке келечекте жол жүргөн жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу көрүнүш гана болбостон, аймактын микроклиматын калыбына келтирүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Жол жээги гана эмес, социалдык мекемелердин аймактарын жашылдандыруу да унутулган жок. Алынып келинген көчөттөрдүн 70 түбү жергиликтүү: мектептерге, бала бакчаларга, китепканаларга мамлекеттик мекемелерге бөлүштүрүлүп берилди.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда көчөттөрдү отургузуу иштери ийгиликтүү аяктап, кийинки этап катары тигилген бактарды коргоо маселеси турат.


«Биздин максат — жөн гана бак тигүү эмес, алардын өсүп кетишине шарт түзүү. Жакын арада тигилген көчөттөрдүн айланасын тосуп, зыянга учуроодон коргоо иштерин баштайбыз», — дейт адис Максат.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.