Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.

Айылда жазгы талаа иштери жүрүп жатат. Көпчүлүк дыйкандар жерлерин айдап бүтүп калышты. Бирок быйыл суунун тартыштыгы жумушту бир топ кечеңдетүүдө.
Чолпон айыл тургуну Нурадил Чолпонкул уулунун айтуусунда, суу жетпеген жердин ээлери жер кургак болгондуктан, айдап-себүүгө шашылбай турушат. Алардын айтымында, кургак жерди айдагандан пайда жок, үрөн өнбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан, суу келгиче күтүүгө туура келүүдө.


Ал эми тоңдурма салынган жерлерде иш токтогон жок. Тракторлор жерди айдап, үрөн сээп, артынан таптап жатат. Азыркы тапта элдин негизги тилеги — сугат суунун тезирээк келиши. Суу кенен болсо, калган жерлер да бир нече күндө айдалып бүтмөкчү.
Даярдаган: Амина Жумабаева.