“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында футбол аянтчасы курулууда

22 Апрель 2026 жыл 21:33
Көрүүлөрдүн саны: 18

Кочкор районундагы Чолпон айылында жаңы спорт аянтчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Президенттин демилгеси менен башталган бул долбоор айыл жаштарынын спортко болгон кызыгуусун арттырып, заманбап шарттарда машыгууга жол ачат.

Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде футбол аянтчасынын курулушу башталды. Бул долбоор Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкө боюнча ар бир айыл жеринде спортту өнүктүрүү максатында ишке ашырылып жаткан масштабдуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде башталып, учурда иш кызуу жүрүүдө. Жергиликтүү жаштар үчүн курулуп жаткан бул объекттин сапатына жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.


Куруучу Нурадил Жумакадыровдун айтымында, жумуштун алгачкы баскычтары ийгиликтүү аяктады. Алгач темир стойкалар орнотулуп, ага чейин коррозияга каршы боёк иштери жүргүзүлгөн. Учурда аянтчанын каркастарын орнотуу иштери жүрүп жатат.


«Биз бул каркастын түрү менен биринчи жолу иштеп жатабыз. Башында бир аз татаалдыктар болгону менен, тез эле көнүшүп кеттик. Курулушта негизинен жогорку сапаттагы темир материалдар колдонулууда», — деп билдирди Нурадил Жумакадыров.
Жаз айларындагы өзгөрмөлүү аба ырайы, өзгөчө шамал куруучулардын ишине бир топ тоскоолдуктарды жаратууда. Бирок, алар коопсуздук эрежелерин так сактоо менен иш алып барышууда. Жумакадыров белгилегендей, ар бир ширетүү жана монтаждоо иши кылдаттык менен текшерилип жатат.


Жаңы футбол аянтчасы жаштардын ден соолугун чыңдоого жана бош убактысын натыйжалуу өткөрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Куруучулар объекттин сапаты талапка жооп берерин жана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин убада кылышууда.
Бул аянтча Чолпон айылынын спорт тарыхындагы жаңы баракты ачып, мектеп окуучулары үчүн эң мыкты белек болмокчу.

Даярдаган: Илима Жумабаева.