“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Мектеп окуучулары экологиялык долбоорго катышууда

19 Апрель 2026 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 18

Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы мектептин окуучулары Сон-Көл экосистемасын сактап калуу жана жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууну үйрөнүшүүдө. «ИСУР» коомдук уюму тарабынан уюштурулган «Жаратылышты коргоочулар» курсу жаш муундардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, экологиялык көйгөйлөргө практикалык чечим табууга багыттайт.
Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин 7-8-класстарынын окуучулары «Жаратылышты коргоочулар» аттуу жаш лидерлер мектебинин курсунан өтүп жатышат. Бул демилге окуучулардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигин арттырып, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча компетенттүүлүктөрүн калыптандырууну көздөйт.


Бул курсту медиа борбордун жетекчиси Гүлира Сатарова өтүп жатат. Бул окуучуларга экологиялык маселелерди маалыматтык деңгээлде чагылдырууну жана коомчулукка туура жеткирүүнү үйрөнүүгө да чоң өбөлгө болууда.


Курстун алкагында окуучулар 4 топко бөлүнүп, Сон-Көл экосистемасынын актуалдуу маселелерин изилдөөдө. Окутуу процесси теория менен практиканы айкалыштырып өткөрүлүүдө. География сабагынын мугалими Нурадил Чолпонкул уулу менен биргеликте интеграцияланган сабак болду. Мындай биргелешкен сабак учурунда окуучулар жерлердин деградациясы боюнча билимин бышыктап, табияттагы өзгөрүүлөрдүн илимий себептерин терең талдашты.


Окуу сабактарында төмөнкү маанилүү темалар камтылган:
• Сон-Көл экосистемасы жана аны коргоо;
• Жайыттарды туруктуу башкаруу жана деградацияга каршы күрөш;
• Суу-саздак жерлердин мааниси жана Рамсар конвенциясы;
• Лидерлик жана команда менен иштөө көндүмдөрү.


Окуучулар учурда Сон-Көлдөгү көйгөйлөрдү аныктап, аларды жоюунун жолдорун иштеп чыгуунун үстүндө активдүү иштеп жатышат. Изденүүлөрдүн жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы май айында чыгарылат. Эң мыкты долбоорлорду сунуштаган жана өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышмакчы.


Бул курс жаш өспүрүмдөргө экологиялык билим берип гана тим болбостон, аларды өз айылынын, аймагынын жаратылышына күйгөн чыныгы лидерлер катары тарбиялайт.
Даярдаган: Илима Жумабаева.