Балалыктагы аңгемелерден башталган чыгармачылык жол узак тынчтыктан кийин кайрадан жанданды. Бүгүнкү каарманыбыз Чолпон айылынын тургуну Жыпар Исакова узак тыныгуудан соң поэзия айдыңына жаңы дем менен кадам таштады. Анын калемине таандык алгачкы ырлары «Эргүү» жыйнагынан орун алып, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында аталган китептин салтанаттуу бет ачары өттү. Бүгүнкү күндө ал ыр жазуу менен чектелбестен, «Нур Чолпон» тобунда шайыр апалардын катарын толуктап, сахнада да ырдап келет.
Бала кезде «Пионер» гезитине чакан аңгемелерди жазып, окууну бүткөндөн кийин үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу жазууну токтоткон. Бирок ичте катылган каалоо баары бир бир күнү сыртка чыгарын убакыт өзү далилдеди.

Каарманыбыздын поэзияга келиши күтүүсүз болгон. Негизи прозага жакын болсо да, кийинчерээк социалдык тармактардан акындардын ырларын окуп жүрүп, ичинде бир ышкы ойгонот. Поэзиянын сыйкыры аны өзүнө тартып алып, алгач төрт сап, алты саптан курап жазып жүрүп, кийин бара-бара толук куплеттер пайда боло баштаган.

Анын бул сезимтал дүйнөсү ыр саптарында мындайча сүрөттөлөт:
“Тамгалар да ак баракка тизилип,
Жипке тизген кооз шурудай сезилип.
Жазып келем эргүү алып таасирден,
Жүрөгүмдүн чыккан сындуу ичинен”.
Жыпар Исакованын бул изденүүлөрү текке кеткен жок. Ар кандай адабий сынактарга катышып, мактоо баракчаларын алды. Чыгармачылыгындагы чоң кубаныч — «Соң-Көл шоокуму» бирикмеси тарабынан чыгарылган «Эргүү» жыйнагына ырларынын кириши болду. Бул китепке Мекен, махабат жана жашоо тууралуу лирикалары кирген.

Ал жаш калемгерлерге: «Окуу, окуу жана окуу», — деген кеңешин айтат. Белгилүү акындардын китептерин көп окуу сөз байлыгын өстүрүп, ырдын түзүлүшүн терең түшүнүүгө жардам берерин баса белгилейт.


Бүгүнкү күндө Жыпар Исакова бир гана ыр жазбастан, «Нур Чолпон» шайыр апалар тобунда ырдап, сахнада да чыгармачылыгын улантып келет. Поэзия менен лирика анын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.