“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Мектеп багындагы жазгы ишембилик

4 Апрель 2026 жыл 23:52
Көрүүлөрдүн саны: 10

Билим берүү жана илим министрлигинин №5-3/843 сандуу катынын негизинде, өлкө аймагында жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында мектепте жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

14-марттан 16-майга чейин созула турган тазалоо өнөктүгүнө мектептин мугалимдери жана техникалык кызматкерлери активдүү катышууда. 4-апрелде өткөрүлгөн кезектеги ишембиликте негизги көңүл мектептин ички аймагын тазалоого гана эмес, бак-дарактарга кам көрүүгө бурулду.


Иштин жүрүшү:
• Мектеп короосундагы алма, алмурут жана өрүк бактары толук буталды.
• Дарактардын түптөрү жумшартылып, арыктар тазаланды.
• Аймактагы таштандылар чыгарылып, санитардык абалы иретке келтирилди.

Адистердин айтымында, жазгы бутоо иштери бактардын өмүрүн узартуу менен бирге, мөмөнүн сапатын жана түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Бул иш-чара жөн гана тазалык эмес, мектептин жашыл мурасын сактоого жана окуучуларга экологиялык тарбия берүү максатын көздөйт.


Учурда мектеп аймагын көрктөндүрүү боюнча белгиленген пландык иштер улантылууда.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.