“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Койлорду кралинге салып дарылоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат

3 Апрель 2026 жыл 21:27
Көрүүлөрдүн саны: 9

Койлорду купкага кралинге салып дарылоо — малдын ден соолугун сактоодо эң натыйжалуу ыкмалардын бири. Бул ыкма ар кандай жугуштуу жана териге байланыштуу котур, бит сыяктуу оорулардын алдын алууга жардам берет.
Айыл тургуну 10-класстын окуучусу Ыйман Шакирбековдун айтымында, Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу атайын купка бар. «Бизге Бугучудагы купка жакын болгондуктан, койлорду ошол жерге айдап барып салууну туура көрдүк. Бир кой үчүн төлөмү 20 сомду түзөт.


Албетте, койлорду үй шартында да дарылоого болот. Бирок бул үчүн сууну жылытып, дарыны туура өлчөмдө кошуп, аны улам жаңыртып туруу керек. Мындан тышкары, койду көтөрүп сууга салуу үчүн кошумча адам күчү талап кылынат.


Ал эми купкага айдап баруу кыйла жеңил. Койлор кенен сууга түшүп, толук дарыланат. Бул ыкма мал ээлерине да ыңгайлуу болуп, убакытты жана күчтү үнөмдөйт.»

Даярдаган: Илима Жумабаева.