“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

2-апрель — Эл аралык балдар китептери күнү

2 Апрель 2026 жыл 20:08
Көрүүлөрдүн саны: 7

2-апрель — Эл аралык балдар китептери күнүнө карата Кочкор районунун Чолпон айылындагы №3 китепканада өзгөчө жандуулук байкалууда. Алты жылдан бери бул китепкананы жетектеп келе жаткан Динара Кадырованын айтымында, санарип дооруна карабай, айылдык балдардын китепке болгон кызыгуусу жылдан-жылга артып, окурмандын саны 350дөн ашты.

Учурда китепканада 350дөн ашуун окурман катталган. Алардын басымдуу бөлүгү кенже курактагы мектеп окуучулары. Бөбөктөр суктануу менен жомок дүйнөсүнө сүңгүшсө, өспүрүмдөр залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын издеп келишет. Акыркы убакта балдар америкалык жазуучу Марк Твендин жоруктарга бай китептерине өзгөчө кызыгып, сурап жатышкан учуру.

Кочкор райондук Истабек атындагы китепкана аркылуу камсыздалган жаңы басылмалар балдардын суроо-талабын толук кандуу канааттандырып келет.


Китепкананын тарыхында из калтырган окурмандар аз эмес. Динара Кадырова өз ишин баштаган 2019-жылы Төлөгөнова аттуу окуучу кыз китепти эң көп окуган «Активдүү окурман» катары эсте калган. Ал бүгүнкү күндө Москва шаарында эмгектенип жүрсө, китепке жакындыгы менен айырмаланган Кусейин Марат уулу да китепкананын сыймыгы болгон.
Ал эми бүгүн алардын жолун татыктуу улап, китепканадан чыкпаган Айлин Абалова жана Адинай Таалайбекова сыяктуу ондогон алдыңкы окуучулар бар.

Даярдаган: Илима Жумабаева.