“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында мүрзөнү тосуу иштери аяктады

27 Март 2026 жыл 20:47
Көрүүлөрдүн саны: 11

2025-жылдын жай айлары Нарын облусунун Чолпон айылынын тургундары үчүн өзгөчө биримдиктин жана ынтымактын мезгили болду. Жергиликтүү элдин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айылдагы мүрзөнү тосуу иштери жыйынтыкталды. Бул саамалык айыл тургундарынын, ишкерлердин жана бийлик өкүлдөрүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашты.
Чолпон айылынын имамы Жыргалбек Кулманбетов Керимкуловичтин айтымында, мүрзөнү тосуу маселеси муфтияттын талаптарына ылайык көтөрүлгөн. Алгач айылдык кеңешке кайрылуу жасалганы менен, бюджеттик чектөөлөрдөн улам каржы маселесин чечүү жамааттын өзүнө сунушталган.


Айыл эли бул демилгени бир добуштан колдоп, «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, ар бири өз салымын кошо баштады. Өзгөчө жергиликтүү ишкерлер жана айылдан чыккан мекенчил жигиттер четте калышкан жок.
Бул иште Жакып Бейшеналиев аттуу демөөрчү өзгөчө активдүүлүк көрсөтүп, ири көлөмдөгү каржылык жардам берген. Курулуш процессинде материалдык жардамдан сырткары, эмгектин ролу да чоң болду. Ширетүүчү Эмилбек Бекеевич өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып, сапаттуу тосмолордун орнотулушуна салым кошту. Айыл өкмөт башчысы Закир Ашимович курулушка керектүү документтерди тактоодо жана уюштуруу иштеринде көмөгүн аяган жок.
«Ар бир жаран өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берди. Бири акчалай колдосо, экинчиси колуна аспап алып келип иштеп берди. Бул — чыныгы ынтымактын үлгүсү», — дейт айыл имамы.


Мүрзөнү иретке келтирүү менен бирге, айылда диний жана социалдык агартуу иштери да катар жүрдү. Имамдын айтымында, акыркы сапарга узатуу зыйнаттарындагы ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.


Жыргалбек Кулманбетов жалпы салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирип: “Жакшылык иште жарышкан элден Алла ыраазы болсун”, — деген тилегин айтты.

Даярдаган: Илима Жумабаева.