“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында чебер айымдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өттү

26 Март 2026 жыл 22:39
Көрүүлөрдүн саны: 13

26-мартта Чолпон айылында жергиликтүү айымдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтүп, анда салттуу өнөрдү туристтик багытка айландыруу демилгеси көтөрүлдү. Райондук жана облустук жетекчилер катышкан иш-чарада айылдык ишкер айымдардын бизнес долбоорлорун колдоо маселеси талкууланды.

Чолпон айылындагы “Булак” дүкөнүндө уюштурулган көргөзмөдө айылдагы чебер айымдардын колунан жаралган түрдүү буюмдар сунушталды. Иш-чарага Нарын облусунун Жаштар ордосунун башчысы Бакыт Эгембердиев жана райондук аялдар кеңешинин төрайымы Салтанат Бараканова атайын келип катышышты. Коноктор жергиликтүү тургундардын сайма сайылган буюмдары, улуттук жасалгалары жана турмуш-тиричиликке керектүү кол эмгектери менен жакындан таанышып, алардын сапатына жогору баа беришти.


Көргөзмөнүн өзөгүн “Жез оймок апалар” тобунун эмгектери түзүп, келген коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты. Бул топтун башын бириктирип, кол өнөрчүлүктү жандандырып жаткан Молдо Кылыч айылынын тургуну Бурулча Сатарова өзүнүн келечектеги пландары менен бөлүштү.
Сатарованын айтымында, бул жөн гана көргөзмө эмес, чоң туристтик долбоордун башаты болушу керек. Ал жергиликтүү чеберлердин буюмдарын чет элдик меймандарга таанытуу үчүн атайын туристтик маршрут түзүүнү көздөп жатат.
«Биздин максат — туристтер айылыбызга келгенде кол өнөрчүлүк буюмдарын көрүп, сатып алып эле кетпестен, ушул жерден тамактанып, кыргыздын меймандостугуна күбө болуп кете тургандай шарт түзүү. Бул үчүн биздин өнөрдү туристтик маршруттарга кошуу зарыл», — дейт Бурулча Сатарова.


Иш-чаранын жүрүшүндө Салтанат Бараканова жана Бакыт Эгембердиев айымдардын эмгегин жогору баалап, келечекте алардын даяр бизнес пландарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөрүн белгилешти. Мындай кадамдар айыл жергесинде аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономиканы көтөрүүгө чоң түрткү болмокчу.

Бул көргөзмө Чолпон айылындагы айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын эмгегин эл аралык деңгээлге чыгарууга багытталган алгачкы маанилүү кадам болуп калды.

Даярдаган: Илима Жумабаева, Айчолпон Акылбекова.