Кочкор районунун Шамшы айылында курулуп жаткан декадалык жөнгө салуу бассейни (БДР) объектисинде иштер кызуу жүрүүдө. Учурда курулуштун 80 пайызы аяктады. Курулуш бүткөндө Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы жана Бугучу айылдарынын 2790 гектар жери сугат суу менен камсыз болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор стратегиялык мааниге ээ. 2023-жылдын июнь айында башталган курулуш иштери план боюнча 2026-жылдын октябрь айында толугу менен бүткөрүлүшү керек.

Техникалык көзөмөл инженери Мундуз Бейшеевдин айтымында, учурда курулуш аянтында иш токтоосуз жүрүп жатат. Объекттин сапаттуу жана өз убагында бүтүшү үчүн төмөнкүдөй ресурстар тартылган:
• Техникалар: 10 экскаватор, 25 автосамосвал, 2 бульдозер, 1 грейдер, 3 таптоочу машина, 2 суу чачуучу унаа жана 1 автокран.
• Өндүрүш: Жеринде бетон аралаштыруучу түйүн иштеп жатат.
• Жумушчу күчү: Жалпысынан 60ка жакын адис жана жумушчулар эмгектенүүдө.

Бул демилге Ысык-Көл жана Нарын областтарынын сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында каржыланып, аймактагы ирригация тармагын жакшыртуудагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.