“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

23 Март 2026 жыл 18:44
Көрүүлөрдүн саны: 92

Кочкор районунун Чолпон айылында 22-мартта Нооруз майрамы  салтанаттуу белгиленип, айыл тургундарынын кеңири катышуусунда шаңдуу иш-чара уюштурулду. Улуттук каада-салттарды даңазалаган бул майрам элдин ынтымагын бекемдеп, жаздын келишин, жаңыланууну жана жакшылыкка болгон үмүттү даңазалаган маанилүү күн катары белгиленди.

Чолпон айыл аймагындагы «Наки Иманова», «Сабира Осмоналиева», «Карыпбек Сатыбалдиев» атындагы көчөлөрдүн тургундарынын уюштуруусу менен Нооруз майрамына арналган “Кош келдиң, Нооруз!” аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук салттарды даңазалаган негизги тамак – сүмөлөк кайнатылып, айыл тургундары үчүн өзгөчө маанай тартуулады. Майрамга айыл эли менен катар райондук аким, мекеме жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана аялдар кеңешинин мүчөлөрү катышып, Нооруз майрамына карата ак тилектерин билдиришти.


Майрамдык программа ыр-күүлөр, улуттук бийлер жана кызыктуу оюндар менен коштолуп, катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулады. Өзгөчө улуттук оюндардын көрсөтүлүшү жаштарды салт-санаага болгон кызыгуусун арттырды.

Даярдаган: Илима Жумабаева