“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

«Клетка өлкөсүнө саякат» жана «Акыл Ордо» мектепте билимге арналган иш-чара болуп өттү

14 Март 2026 жыл 11:36
Көрүүлөрдүн саны: 23

Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында илимий жана интеллектуалдык иш-чаралар уюштурулду.

10-мартта табигый илимий секциясынын декадасынын ачылышында окуучулар сахналаштырылган сабак даярдашты. 13-мартта «Акыл Ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Корчубек Акназаров атындагы мектепте окуучулардын чыгармачылыгын жана илимге болгон кызыгуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чара табигый илимий секциясынын декадасынын ачылышы менен башталып, STEM-предметтеринин билим берүүдөгү мааниси белгиленди.


Биология мугалими Венера Акылованын айтымында, физика, химия, биология, география жана математика сыяктуу предметтер окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Анын белгилешинче, STEM билим берүү окуучуларды билимди практикада колдонууга жана жаңы нерселерди жаратууга үйрөтөт.
Декаданын алкагында 8-б класстын окуучулары «Клетка өлкөсүнө саякат» аттуу сахналаштырылган сабак көрсөтүп, биологиялык түшүнүктөрдү кызыктуу формада тааныштырышты.


Мектепте ошондой эле «Акыл Ордо» интеллектуалдык оюну  өткөрүлүп женүүчүлөр сыйланышты. Оюндун уюштуруучусу, 9-а классынын окуучусу Асия Аманова мындай оюндар окуучулардын билим деңгээлин текшерип, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берерин белгиледи.


Уюштуруучулар белгилегендей, интеллектуалдык оюндар окуучуларды биримдикке, билимге умтулууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шыктандырат. Келечекте дагы ушундай билим берүүчү иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Даярдаган: Илима Жумабаева.