5-март күнү Чолпон айыл аймагында НПИС (Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор) долбоорунун алкагында коомдук талкуу болуп өттү. Иш-чарада онлайн платформа аркылуу аныкталган айылдардын негизги көйгөйлөрү тааныштырылып, инвестициялык пландар жана коомдук мониторинг тобун түзүү маселелери каралды.
Талкууга айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана долбоордун адистери катышты. Кочкор району боюнча АРИСтин эксперти Элмира Токоеванын айтымында, жыйында үч негизги багыт боюнча маалымат берилип, чечимдер кабыл алынды.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө фокус-топтор тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы сунушталды. Онлайн платформа аркылуу чогултулган маалыматтардын негизинде айылдардагы эң курч көйгөйлөр такталган. Бул маселелерди айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизүү сунушу колдоого алынды.

Экинчи маселе катары айыл өкмөтүнүн башчысы быйылкы жылга карата инвестициялык план боюнча кеңири маалымат берди. Анда айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, пландалган долбоорлор жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы тууралуу сөз болду.

Жыйындын соңунда долбоорлордун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жана добуш берүү процесстерин уюштуруу үчүн атайын топ шайланды. Бул топко ар бир айылдан 2-3төн өкүл сунушталып, жалпы 13 адамдан турган курам түзүлдү. Тургундар тарабынан колдоого алынган бул талапкерлер эми жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө жөнөтүлөт.

Бул иш-чара жергиликтүү коомчулуктун чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун камсыз кылуу жана айылдарды өнүктүрүүдө ачык-айкындуулукту орнотуу максатын көздөйт.
Даярдаган: Илима Жумабаева.