Кочкор районунун дыйкандары үчүн 2026-жылдын жазгы талаа иштерине карата мамлекеттик колдоо уланууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, дыйкан-фермерлер сертификацияланган үрөндөрдү 30 пайыздык дотация менен жеңилдетилген баада сатып ала алышат. Учурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы арыздарды кабыл алып, үрөнчүлүк чарбалар менен иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы №448 токтому менен бекитилген жобого ылайык, үрөнчүлүк чарбалардан үрөн сатып алган дыйкандарга мамлекет тарабынан 30 пайыздык дотация берилет. Дыйкан үрөндүн баасынын 70 пайызын гана төлөп, калган сумманы мамлекет үрөнчүлүк чарбага өзү жаап берет.


Кочкор районундагы мүмкүнчүлүктөр
Бүгүнкү күндө Кочкор районунда үч ири үрөнчүлүк чарба ийгиликтүү иштеп жатат:
1. «Тендик-Элдик»
2. «Чоң-Булак-Кытай»
3. «Тамчы-Суу»
2026-жылдын түшүмү үчүн аталган чарбалар тарабынан жалпысынан 114 тонна көлөмүндө арпа жана эспарцет үрөндөрү сунушталды. Учурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына бир катар дыйкандардан арыздар түшүп, каттоо иштери кызуу жүрүүдө.

Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында арыздарды кабыл алуу учуру

Эгерде дыйканга керектүү үрөндүн сорту Кочкор районунда жок болсо же дыйкан өз каалоосу менен башка аймактардан алууну көздөсө, мамлекеттик дотация системасы бул мүмкүнчүлүктү да камсыздайт. Дыйкандар Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Түп жана башка райондордогу үрөнчүлүк чарбалардан үрөн алса болот.

Бул үчүн эмне кылуу керек?
• Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына келип, жетекчинин атына арыз жазуу зарыл.
• Арыздын негизинде башка райондогу үрөнчүлүк чарбаларга расмий кат даярдалат.
• Ошол каттын негизинде дыйкан үрөндүн 70 пайызын төлөп, калган 30 пайызын мамлекеттик жеңилдик катары пайдаланып, үрөндү алып келе алат.

«Биздин максат — дыйкандарды сапаттуу, жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылуу жана аларга мамлекеттик жеңилдиктерди жеткирүү,» — дейт Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын инженери Аида Апскариева.
Бардык суроолор жана арыз берүү тартиби боюнча Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.