18-февраль күнү Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалимдер үчүн өзгөчө маанай тартуулаган спорттук иш-чара болуп өттү. Волейбол боюнча MIX форматында өткөн бул мелдеш агайлар менен эжейлерди бир командага бириктирип, чыныгы ынтымак менен атаандаштык айкалышкан оюндарды тартуулады. Иш-чара белгилүү инсан Касымбек Жунушовду эскерүүгө арналып, спорт аркылуу урмат көрсөтүү максатын көздөдү. Мелдешке Чолпон айыл аймагынын мектептеринен командалар катышып, ар бир таймаш көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Командалар 3 агай жана 3 эжейден түзүлгөн курамда оюн көрсөтүп, чеберчилик, ыкчамдык жана командалык колдоону даңазалашты.

Кызуу өткөн таймаштардын жыйынтыгында, Жунушалы кызы Сайнап атындагы жалпы билим берүү мектебинин биринчи командасы атаандаштарынан суурулуп чыгып, биринчи орунду багындырды. Экинчи орун — Корчубек Акназаров атындагы мектепке буюрса, үчүнчү орунду кайрадан эле Жунушалы кызы Сайнап атындагы мектептин экинчи командасы камсыз кылды. Төртүнчү орунга Кайып Темиров атындагы жалпы билим берүү мектеби татыктуу деп табылды. Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана дипломдор тапшырылып, катышуучулар узакка эсте калаарлык таасир алышты.

Бул мелдеш жөн гана спорттук таймаш болбостон, мугалимдердин ортосундагы достукту бекемдеген, сергек жашоого үндөгөн жана командалык рухту күчөткөн майрамга айланды. Райондо мындай иш-чаралар салтка айланып, педагогдор үчүн шыктандыруучу аянтча болуп калары күтүлүүдө.

Даярдаган: Илима Жумабаева.