Кочкор районундагы Ормон хан этно-комплексинде кыргыз элинин кышка кам көрүү салтын даңазалаган «Согум» аттуу этно-фестиваль болуп өттү. Иш-чарага алыскы Россия, Кытай жана коңшу Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн, ошондой эле башка мамлекеттерден атайын коноктор келип катышты. Улуттук даамдарды, тарыхты жана маданиятты айкалыштырган бул фестиваль келген меймандарга кыргыздын меймандостугун көрсөтүп, өзгөчө таасир калтырды.


Фестиваль Кочкор районунунда шаңдуу маанайда өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө согум салтынын мааниси түшүндүрүлдү. Конокторго сүрсүтүлгөн эт, жаңы союлган малдын эти, чучук, казы, жылкынын, уйдун жана койдун эттери тууралуу маалымат берилди. Бул кыргыз элинин кышка даярдык көрүү салты экендиги, ата-бабалар мал союп, этин кургатып сактап алышканы айтылды.
Фестивалдын өзгөчөлүгү анын тарыхый жайда өткөрүлгөнү болду. Ормон хан тууралуу баяндалып, анын Кочкордо хан болгону жана кыргыз тарыхындагы орду белгиленди. Бул иш-чарага келгендерге тарых менен салтты бириктирип таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түздү.


Иш-чара тууралуу оюн билдирген Нурлан Табалдиев:
«Бул фестиваль мага абдан таасир калтырды. Азыркы учурда согум деген түшүнүктү көптөр билбей калды. Ушундай иш-чаралар аркылуу жоголуп бараткан улуттук баалуулуктарыбызды элге жана туристтерге тааныта алабыз. Айрыкча Кочкор кышкы туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алат деп ойлойм» — деп белгиледи.

Чындыгында эле фестивалга блогерлер жана коноктор катышып, иш-чараны тартып, социалдык тармактар аркылуу жайылтышты. Бул Кочкор району үчүн туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, аймактын таанымалдыгын арттырууга өбөлгө түзөт.
Илима Жумабаева.