2026-жылдын 8-февралында Кочкор районунун Чолпон айылынын клубунда «Бейиш апама кат» аттуу тарбиялык мааниси чоң көркөм тасма көрсөтүлдү. Айыл тургундары бул иш-чараны жылуу кабыл алышты. Кино эне менен баланын ортосундагы ыйык байланышты жана энеге болгон сый-урматты терең чагылдырды.

Чолпон айылынын клубунда «Бейиш апама кат» тасмасы көрсөтүлдү.
Кочкор районунун Чолпон айылынын клубунда «Бейиш апама кат» тасмасы көрсөтүлдү. Кинону айыл жергесине алып келген актер, кино тармагында иштеген Рахатбек Мирлан уулу бул иш-чаранын негизги максаты тарбиялык мааниси жогору тасмаларды элге жеткирүү экенин белгиледи.
— «Айыл жергесинде кинотеатрлар жок. Ошондуктан окуучуларга, жаштарга мотивация берүү жана тарбиялык жактан пайдалуу болушу үчүн жакшы кинолорду алып келип жатабыз. Кочкор элинин киного болгон кызыгуусу жакшы, баары тасманын сапатына жараша болот», — деди ал.

Кинону айыл жергесине Рахатбек Мирлан уулу алып келди
Анын айтымында, буга чейин да айыл тургундарына көптөгөн кинолор көрсөтүлгөн жана эл буга көнүп калган. Кино көрсөтүүдө олуттуу кыйынчылыктар болгон эмес. Айрыкча бул жолу тандалган тасма эне менен баланын ортосундагы мамилени бекемдейт деген ишеним бар.
Кино көрүүчүлөрүнүн бири, Чолпон айылынын тургуну, 8-класстын окуучусу Диляна Төлөбекова бул тасманы көрүүгө өзгөчө кызыгуу менен келгенин айтты.

Тасманын көрүүчүсү 8-класстын окуучусу Диляна Төлөбекова
— «Бул тасма тууралуу мурда көп жакшы пикирлерди уккам. Эне темасын терең чагылдырганы мени абдан кызыктырды. Кино мага күчтүү таасир калтырды. Эненин мээрими, сабырдуулугу жана баласына болгон чексиз сүйүүсү абдан жакшы көрсөтүлгөн», — деди ал.
Ошондой эле көрүүчү кинонун 200 сомдук баасы ылайыктуу экенин белгилеп, мазмуну берилген акчага арзый турганын кошумчалады. Анын пикиринде, мындай тарбиялык мааниси чоң тасмаларды айылдарда көбүрөөк көрсөтүү зарыл.
Жыйынтыгында, Кочкор районунда уюштурулган бул кино көрсөтүү айыл эли үчүн маанилүү маданий иш-чара болуп, жаштарга тарбиялык таасир калтырды.
Илима Жумабаева.