“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Окуучулар адистерден баалуу кеңештерди алышты

6 Февраль 2026 жыл 20:08
Көрүүлөрдүн саны: 68

5-февраль күнү Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде 9-11-класстын окуучулары үчүн кылмыштуулукту жана зордук — зомбулукту алдын алуу  максатында чоң жыйын өттү. Жолугушууга райондук прокуратуранын, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, ошондой эле аймактык имам  катышып, окуучуларга өз багыттары боюнча баалуу кеңештерин беришти.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Касымбек Мамбеталиев бүтүрүүчү класстардын окуучуларына кайрылып, мектеп тартиби жана жеке жоопкерчилик тууралуу маанилүү маалыматтарды ортого салды. Ал бүгүнкү күндө өспүрүмдөр арасында кездешип жаткан зордук-зомбулук, алдамчылык жана бири-бирине үстөмдүк кылуу (рэкетчилик) сыяктуу жат көрүнүштөрдүн артында мыйзам алдындагы катуу жоопкерчилик турарын эскертти. «Ар бир жасалган туура эмес кадам — бул сенин келечегиңе кедергисин тийгизүүчү тоскоолдук», — деп белгилеген адис, жаштарды аң-сезимдүү болууга чакырды.

Иш-чарага катышкан адистер өздөрүнө бекитилген темалар боюнча окуучуларга кеңири баяндама жасашты. Негизги басым зыяндуу адаттардын кесепеттерине жасалды. Адистердин айтымында, тамеки, насвай, электрондук тамеки (vape), алкоголдук ичимдиктер жана газдалган суусундуктар адамдын өмүрүн кыскартып, организмди жабыркатат. Бул заттар өспүрүмдүн өсүп жаткан организмине терс таасирин тийгизип, оор илдеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай кооптуу жагдайларды алдын алуу үчүн ар бир окуучу өзүнүн ден соолугуна бүгүнтөн баштап кам көрүүсү зарылдыгы түшүндүрүлдү.


9-11-класстын окуучулары жолугушууга активдүү катышып, өздөрүнүн коопсуздугу, укуктары жана ден соолукту сактоо боюнча адистерге суроолорун беришти. Жыйын ачык диалог форматында өтүп, окуучуларга көптөгөн маселелерге так жооптор берилди.
Иш-чаранын соңунда мындай жолугушуулар өспүрүмдөрдүн келечекте татыктуу инсан болуп калыптанышына чоң таасир берери белгиленди.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.