Мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстын мугалимдерине ата-мекендик өндүрүштөн чыккан заманбап “Алтын казык” ноутбуктары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бул демилге мугалимдердин күнүмдүк ишин жеңилдетүүгө, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана сабак өтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Жаңы ноутбуктар аркылуу мугалимдер электрондук ресурстарды колдонуп, сабактарды интерактивдүү форматта өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул болсо окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, билим өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.

Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Алтын казык” ноутбуктары мектептерге тапшырылды.
Мындан тышкары, ноутбуктар мугалимдердин документ иштерин ыкчам жүргүзүүгө, ата-энелер менен байланыш түзүүгө жана онлайн платформаларды активдүү пайдаланууга шарт түзөт. Бул — заман талабына ылайык билим берүү системасын калыптандырууда маанилүү кадам болуп саналат.

Башталгыч класстын мугалимдерине “Алтын казык” ноутбуктары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Ошол эле учурда, ар бир классты проектор менен камсыз кылуу зарылдыгы дагы бар. Проекторлор ноутбуктардын мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланууга шарт түзүп, сабактарды көргөзмөлүү жана кызыктуу өткөрүүгө өбөлгө болмок. Бул багыттагы иштер улантылса, мектептердеги билим берүүнүн сапаты мындан ары да жогорулай турганы шексиз.

Заманбап ноутбуктар мугалимдердин ишин жеңилдетип, сапаттуу билим берүүгө шарт түзөт.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.