“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кочкор районунда мугалимдер арасында волейбол турнири өттү

1 Февраль 2026 жыл 1:39
Көрүүлөрдүн саны: 12

2026-жылдын 31-январында Кочкор районунда санарип мугалимдердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымакты бекемдөө жана күчтүү командаларды аныктоо максатында волейбол боюнча райондук турнир уюштурулду.

Санарип академиясы жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мугалимдер арасында волейбол боюнча райондук турнир өткөрүлдү. Турнир МИХ версиясы боюнча уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш-чаранын негизги максаты — санарип мугалимдерди спортко тартуу, алардын арасындагы ынтымакты бекемдөө жана мыкты командаларды аныктоо болду.

Турнирге райондун ар кайсы мектептеринен келген жалпы 16 команда катышып, оюндар жогорку деңгээлде жана кызыктуу өттү. Жеңүүчүлөр үчүн Санарип академиясы тарабынан баалуу байгелер коюлду:
🥇 1-орун — Алматы шаарына эс алууга жолдомо,
🥈 2-орун — 5000 сом акчалай сыйлык,
🥉 3-орун — 3000 сом акчалай сыйлык.

Оюндар жогорку деңгээлде жана кызыктуу өттү.

Жыйынтыгында Корчубек Акназаров атындагы мектептин командасы 1-орунду жеңип алып, 8 мугалим Алматыга эс алууга жолдомо утуп алышты. 2-орунду Бейшенбек Иманалиев атындагы мектеп ээлеп, 5000 сом акчалай сыйлыкка татыды. Ал эми 3-орунду Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп алып, 3000 сом менен сыйланышты.

1-орунду Корчубек Акназаров атындагы мектеп жеңип алды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай спорттук иш-чаралар мугалимдердин ден соолугун чыңдоого, жамааттык ынтымакты арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошот.

Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Волейбол турнири Санарип академиясы жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Даярдаган: Гүлира Сатарова.