Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагында коомдоштуктар демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында фокус-топтор уюштурулуп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган негизги көйгөйлөр жана багыттар аныкталууда.
Мен, Элмира Токоева, Кочкор району боюнча АРИСтин эксперти катары 18 жылдан бери долбоорлордун алкагында иштеп келем. Бүгүнкү күндө коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында Чолпон айыл аймагында фокус-топтор өткөрүлүүдө. Бул иш-чаралардын негизги максаты — айыл аймагындагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кошумча сунуштарды жана актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо болуп саналат.

Бул максатта айылдын ар кандай катмарларынан түзүлгөн топтор чакырылып, учурда эки фокус-топ өткөрүлүп, алардын негизинде негизги маселелер аныкталды. Долбоор 2025-жылдын сентябрь айында башталган жана жалпы бюджети 27 млн АКШ долларын түзөт. Ал Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ишке ашырылып, 40 райондо конкурстук негизде тандалган айыл аймактары катышууда.

Нарын облусунан 5 район, анын ичинде Кочкор районунан Чолпон айыл аймагы жеңүүчү болуп тандалып алынган. Ар бир айыл аймакка социалдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 450 миң АКШ доллары, ал эми экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн конкурстук негизде 300 миң АКШ доллары каралган.
Бул долбоордун шарттарын ишке ашыруу менен Чолпон айыл аймагы да конкурстарга катышууга мүмкүнчүлүк алып, бул иштерде «Осоп+1» компаниясы көмөк көрсөтүүдө. Япониянын “Бир айыл — бир азык” концепциясынын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында айыл үчүн эт, жүн жана туз багыттары артыкчылыктуу деп аныкталган. Бул багыттар учурда фокус-топтордо талкууланып, коомчулуктун пикири алынууда.

Эгер конкурс ийгиликтүү аяктаса, Чолпон айыл аймагында бир багытта экономикалык өнүгүү ишке ашат деген үмүт бар. Ошондой эле 450 миң доллардын эсебинен социалдык инфраструктура объекттерин куруу же капиталдык оңдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, коомчулукта маалымат жайылтуу максатында климаттын өзгөрүшү боюнча жергиликтүү жарчылар иш алып барууда. Алар өз иш-пландарын түзүп, климатка терс таасирин тийгизбеген материалдарды колдонуу менен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
Илима Жумабаева.