“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Жасалма уруктандыруу — айыл чарбасында кирешени көбөйтүүнүн ишенимдүү жолу

25 Январь 2026 жыл 23:04
Көрүүлөрдүн саны: 9

Айыл чарбасында малдын сапатын жакшыртуу жана кирешени көбөйтүү бүгүнкү күндө маанилүү маселе болуп турат. Бул багытта натыйжалуу ыкмалардын бири — жасалма уруктандыруу. Чолпон айылында мал доктур Чынгыз Ишенов уйларга акысыз жасалма уруктандыруу жүргүзүп, айыл эли малдын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк алууда.

Айыл чарбасында малдын сапатын жакшыртуу, эт жана сүт өндүрүшүн көбөйтүү — ар бир мал ээсинин негизги максаты. Бул максатка жетүүнүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларынын бири — жасалма уруктандыруу. Бул тууралуу мал доктур Чынгыз Ишенов менен маектештик.
Адистин айтымында, жасалма уруктандыруу — генетикасы күчтүү, рекордсмен, таза кандуу букалардын тоңдурулуп сакталган уругу аркылуу жергиликтүү уйларды уруктандыруу ыкмасы. Бул ыкма аркылуу малдын сапатын көтөрүп, натыйжалуулугун жогорулатууга болот.
— «Жасалма уруктандыруунун негизги артыкчылыгы — жугуштуу оорулардан сактайт жана мыкты өндүргүч букалардын тукумун алууга шарт түзөт. Натыйжада малдын эттүүлүгү, сүттүүлүгү жана тукум сапаты кыйла жогорулайт», — дейт адис.


Кайсы учурда уруктандыруу ылайыктуу?
Ийри мүйүздүү малдар туугандан кийин болжол менен 2 ай өткөн соң күүгө келет. Дал ушул мезгилде уруктандыруу эң натыйжалуу болот. Малдын ден соолугу жакшы болсо, көпчүлүк учурда бир жолу уруктандыруу жетиштүү. Айрым учурларда организмдин өзгөчөлүгүнө жараша кайталанууга муктаждык жаралышы мүмкүн.
Кайсы учурда сунушталбайт?
Жасалма уруктандыруу бооз малга жана туугандан кийин 60 күнгө чейин сунушталбайт. Уруктандыруудан кийин 1–2 күн боок уйларга кошпой, өзүнчө кармоо сунушталат.
Баасы жана жеткиликтүүлүгү?
Бүгүнкү күндө жасалма уруктандыруунун болжолдуу баасы 1000 сомду түзөт. Мамлекет тарабынан берилген уруктар 300 сомдон жеткиликтүү, мындан сырткары осеменатордун жол чыгымы кошулат.
Чынгыз Ишенов Чолпон айылында 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын январь айынын аягына чейин уйларга акысыз жасалма уруктандыруу жүргүзүп келет. Мындай кызматты көрсөтүү менен мал ээлерине ыңгайлуу шарт түзүүдө.


Натыйжа  жана ийгиликтүү мисалдар
Адистин айтуусунда, бул ыкманы колдонгон кардарлардан жакшы жыйынтыктар байкалууда. Уйлар жакшы тууп, торпоктор тез жетилип, 9 айлыктан баштап 1 жылдык торпоктор 90 миң сомдон 140 миң сомго чейин бааланууда. Бул көрсөткүчтөр жасалма уруктандыруу кирешени көбөйтүүгө реалдуу жардам берерин тастыктайт.


Жыйынтыктап айтканда, жасалма уруктандыруу — айыл чарбасында малдын сапатын жакшыртып, кирешени көбөйтүүнүн ишенимдүү жолу. Мал ээси утушка ээ болуп, жугуштуу оорулардан алыс болуп, сапаттуу тукум алуу мүмкүнчүлүгүнө жетет.
Гүлира Сатарова.