Чолпон айыл аймагындагы Молдо Кылыч айылында жайгашкан Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында «Бир китеп – бир дүйнө» аттуу конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Чолпон айыл аймагындагы Молдо Кылыч айылында Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Бир китеп – бир дүйнө» долбоорунун алкагында китеп окуу боюнча конкурс өткөрүлүп, ага окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер активдүү катышты.

Катышуучулар алдын ала берилген китептер боюнча тест тапшырып, мыкты жыйынтык көрсөткөндөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

Мектеп директору Айдай Сулайманованын айтымында, бул иш-чара мектептеги китеп окуу маданиятын жандандырып, ата-эне менен мектептин байланышын бекемдөөгө багытталган.

Уюштуруучулар мындай конкурстар мындан ары да улантылып, айыл ичинде китеп окууга болгон кызыгуу артат деген ишенимде.

Илима Жумабаева, Уулкан Анарбекова.