“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кылмыштын арты — жаза: мектепте зомбулукка жана буллингге каршы иш-чара өткөрүлдү

20 Январь 2026 жыл 23:31
Көрүүлөрдүн саны: 13

Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Кылмыштын арты — жаза» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага ИДН кызматкери, социалдык педагог, тарбия иштери боюнча завуч жана жогорку класстардын класс жетекчилери катышты.

Жолугушууда ИДН өкүлү өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын негизги түрлөрү, алардын кесепеттери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берип, алдын алуу иштеринин маанисине токтолду. Ошондой эле зомбулукка жана буллингге каршы туруунун жолдору түшүндүрүлүп, коопсуз мектеп чөйрөсүн түзүү зарылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын аягында класстар арасында зомбулук жана буллингге каршы видео тартуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Мындай демилгелер окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатып, жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптанышына өбөлгө түзөт.

Илима Жумабаева