Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында жаңы мечит курулуп, айыл тургундары үчүн Намазга баруу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Буга чейин айылдагы жалгыз мечит алыс жайгашкандыктан, айрыкча кары-картаңдар жана алыста жашаган жарандар намазга барууда кыйынчылыкка туш болуп келишкен.

Бул маселени чечүү максатында жергиликтүү тургундар демилге көтөрүп, жаңы мечит куруу чечимин кабыл алышкан. Айыл тургуну Жумабек Таштанбеков бизге төмөнкүлөрдү айтып берди: «Мечит куруу маселесинде Кочкор районунун имамы жана айылдык кеңеш менен кеңешип, документтерди мыйзамдуу жол менен даярдоо мүмкүнчүлүгүн тактадык. Андан кийин эл менен кеңешип, ишти баштадык.

Айыл тургуну Жумабек Таштанбеков
Мечиттин курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Бирок каржылык кыйынчылыктардан улам иш убактылуу токтоп калган учурлар да болгон. Кувейт мамлекетинен которулчу каражат согуштук кырдаалга байланыштуу үч айга кечигип калды.

Айыл жамааты мечиттин курулушуна ар тараптан жардам берип келет. Майда-чүйдө иштерде да колдоо көрсөтүлүп, көмүр жана жылуулук менен камсыздоодо жардамдар болуп жатат.
Мурда алыс болгондуктан айрым карыялар мечитке бара албай калышчу. Азыр болсо жаңы мечитке адамдар көп келип, ыраазы болуп жатышат”.

Жаңы мечит айыл тургундары үчүн пайдалуу, ыңгайлуу жайга айланды.
Илима Жумабаева.