“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айыл өкмөтүндө 2025-жылга карата аткарылган иштер боюнча жыйынтык чыгарылды

17 Январь 2026 жыл 0:13
Көрүүлөрдүн саны: 17

Чолпон айыл өкмөтүндө 15-январда 2025-жылга карата аткарылган иштер боюнча жылдык жыйынтык өткөрүлдү. Жыйналышка Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Баялы Досалиев баштаган бир катар мекеме жетекчилери катышты. Айыл аймактарынан келген жарандардын көйгөйлөрү угулуп, тиешелүү мекемелер тарабынан түшүндүрмөлөр берилди.


Чолпон айыл өкмөтүндө 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча жылдык жыйынтык чыгарылып, жыйынга айыл аймактарынан келген тургундар активдүү катышты. Айыл өкмөт башчысы Козубеков Закир Ашимович жүргүзүлгөн иштер тууралуу кеңири маалымат берип, жарандардын сунуш-пикирлери жана көйгөйлөрү угулду.


Жыйналышта Эпкин айылынын тургундары жолдун астынан өткөн өткөөлгө видеокөзөмөл орнотуу маселесин көтөрүштү. Алар коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган аймакка камера коюу зарылдыгын белгилешти.


Ошондой эле Чолпон айылында сугат суу маселеси талкууланып, тиешелүү мекемелер тарабынан аны чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылды.


Кочкор райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Талгар Талантбек уулу  үчүнчү балага берилүүчү көмөкчү пул боюнча жаңы мыйзам тууралуу кеңири маалымат берди. Жарандардын суроолоруна жооптор кайтарылды.


Жыйын жарандар менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы ачык диалог форматында өтүп, маселелерди жеринде чечүүгө багытталган сунуштар кабыл алынды.

Гүлира Сатарова.