“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Каникулда балдар муз аянтта эс алышты

13 Январь 2026 жыл 23:14
Көрүүлөрдүн саны: 26

Кышкы каникул мезгилинде Кочкор районундагы Ормон-хан паркында жайгашкан муз тебүү аянты балдардын жана ата-энелердин көп барган эс алуу жайы болду. Каникул учурунда бул жерде балдар коньки тээп, кичинекейлер чанага түшүп, ата-энелер менен бирге кышкы эс алууну өткөрүштү.

Муз аянтта коопсуздук эрежелери сакталып, балдардын бош убактысын пайдалуу жана активдүү өткөрүүсүнө шарт түзүлдү. Айрым учурларда музга чыгуу үчүн кезек күткөндөр да болуп, аянттын канчалык суроо-талапка ээ экенин көрсөттү.

Гүлира Сатарова.