“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

23 Декабрь 2025 жыл 18:43
Көрүүлөрдүн саны: 42

2025-жылдын 20-декабрында Кочкор районунун Чолпон айылында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдеш «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» деген ураан алдында уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, биринчи орунду Чолпон айылынын командасы, экинчи орунду Кочкор айылынын командасы, үчүнчү орунду Туз айылынын командасы ээледи.

Мелдешке алты команда катышып, 20 жаштан жогору курактагы кыз-келиндер өз ара күч сынашты. Командалар Кочкор, Чолпон, Ак-Учук, Туз, Кум-Дөбө жана Мантыш айылдарынан келишти. Оюндун негизги максаты — кыз-келиндер арасында зордук-зомбулукка каршы көз карашты калыптандыруу, алардын укуктарын коргоо темасын коомчулукка жеткирүү, спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана айылдар ортосундагы ынтымакты бекемдөө болду.

Оюндар жигердүү жана кызыктуу өтүп, катышуучулар жогорку чеберчиликти жана командалык биримдикти көрсөтө алышты. Көрүүчүлөр спорттук мелдешти кызыгуу менен көрүп, катышуучуларды активдүү колдоп турушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар аныкталып, активдүү катышкандарга уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык билдирилди.

«Чолпон» айылынын командасы 1-орунду ээледи

«Кочкор» айылынын командасы 2-орунга татыктуу болушту

3-орунга «Туз» айылынын командасы татыктуу болду

Илима Жумабаева.