Кочкор районунун Чолпон айылындагы милиция бөлүмү күнү-түнү эл коопсуздугун камсыздоодо. Кызматкерлер таңкы 8ден түнкү 12ге чейин коомдук тартипти сактоо үчүн үзгүлтүксүз иштешет.

2024-жылдын 1-ноябрында Ички иштер министрлиги тарабынан ачылган Чолпон аймактык милиция бөлүмүндө (ПОМ) учурда 11 кызматкер эмгектенет. Бөлүмгө милициянын майору Азамат Маратбек уулу жетекчилик кылат. Курамда төрт участкалык инспектор, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкери жана башка адистер бар. Алардын арасында өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган милициянын капитаны Венера Тиленбекова да бар.

Венера Тиленбекованын айтымында, «милиция кызматкеринин жумуш күнү саат 8:00дө журналдарды толтуруу жана нускама алуудан башталат. Саат 9:00дө кызматкерлер боди-камераларын тагынып, өз аймактарына жөнөшөт.
Түштөн кийин көзөмөл кайра улантылып, кечки 20:00гө чейин кызмат өтөлөт. Бирок иш муну менен бүтпөйт — түнкү саат 00:00гө чейин рейддер уюштурулуп, аймактагы коопсуздук көзөмөлдөнөт».
Кызмат учурунда милицияга ар түрдүү арыздар түшөт. Акыркы учурда төмөнкү маселелер көп катталууда:
Мал уурулук: айыл жеринде дагы эле актуалдуу көйгөй.
Кибер кылмыштар: телефондон алдамчылыкка кабылгандар көбөйүүдө.
Жол кырсыктары: эрежелерди сактабоо көйгөйдү күчөтүүдө.
Дүкөндөгү карыздар: ичимдикке берилген же жоопкерсиз адамдардын карызын төлөбөй коюу фактылары.
«Акыркы жылдары элдин милицияга болгон ишеними жогорулады.
«Биз жарандарга сылык мамиле жасап, алардын көйгөйүн чын дилден угууга аракет кылабыз. Эл ишенип кайрылганда, жоопкерчилик дагы күчөйт», — дейт капитан Венера Тиленбекова.

Сөзүнүн соңунда капитан жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка жана ак ниет эмгек кылууга чакырды.
«Бири-бирибизди түшүнүп, жалпы коомго кызмат кылсак, келечегибиз жаркын болот», — деп белгиледи.
Илима Жумабаева.