“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

“Нур Чолпон” бала бакчасында ата-энелер мектеби боюнча иш-чара өткөрүлдү.

29 Ноябрь 2025 жыл 22:15
Көрүүлөрдүн саны: 9

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы “Нур Чолпон” бала бакчасында “3–7 жаштагы балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрү жана тарбиялоонун принциптери” аталышындагы ата-энелер мектеби болуп өттү. Иш-чарага бала бакчанын жетекчилиги, тарбиячылар, айыл тургундары жана тарбиялануучулардын ата-энелери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — мектепке чейинки жаштагы балдардын өнүгүү стадияларын түшүндүрүү, алардын психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша туура тарбиялоо жолдорун ата-энелерге жеткирүү болду.

Жолугушууда баланын мүнөзүнө ылайык индивидуалдуу мамиле кылуунун мааниси, позитивдүү тарбия ыкмалары, үй-бүлөдө жылуу атмосфера түзүү жана баланын өзүн-өзү баалоосун колдоо боюнча пайдалуу сунуштар айтылды.

Ата-энелер жаңылардан тажрыйба алып, балдары менен болгон күнүмдүк мамиледе кандай ыкмаларды колдонуу керектигин практикалык мисалдар аркылуу үйрөнүштү. Иш-чара ата-энелер менен тарбиячылардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана бала тарбиясында бирдиктүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түздү.

Илима Жумабаева.