“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Чолпон айылында жаңы темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цех ишке берилди

15 Ноябрь 2025 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны: 33

Кочкор районунун Чолпон айылында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу  цех ишке берилип, региондогу эски электр мамыларын жаңылоону тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2025-жылдын 13-ноябрында Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоо жана өркүндөтүү багытындагы иштеринин алкагында Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында темир-бетон буюмдарын жасоочу жаңы цехтин ачылышы болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни менен башталып, цех расмий түрдө пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев, Кочкор райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Эркин Чекирбаев, Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Тилек Балкыбеков жана жергиликтүү жетекчилер катышты. Министрлик өкүлдөрү жаңы өндүрүштүн ачылышын региондогу электр тармактарын жаңылоонун маанилүү бөлүгү катары белгилешти.

Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Тилек Балкыбековдун айтымында, райондогу Чолпон, Ак-Учук, Мантыш, Кум-Дөбө жана башка айылдарда орнотулган электр мамылары 1965–1968-жылдарга таандык. Эскилиги жеткен опораларды алмаштыруу зарылчылыгы акыркы жылдары өзгөчө курч маселе катары туруп келген.

Жаңы цех ишке кириши менен аймак заманбап, сапаттуу темир-бетон опоралары жана зым теректери менен жеринде камсыздалышы күтүлүүдө. Бул өндүрүш аймактагы электр инфраструктурасын жаңылоону тездетип, ташууга кеткен чыгымдарды кыскартууга жана иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга жол ачат.

Цехтин курулушу жана жабдуулары үчүн жалпы 42 млн 700 миң сом каражат жумшалган. Ошондой эле өндүрүш үчүн зарыл болгон техникалар жана шаймандар 19 млн сомго сатып алынган.

Жаңы өндүрүштүн ишке берилүүсү Кочкор районунда жаңы жумуш орундарын түзүп, региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошору күтүлүүдө.

Илима Жумабаева, Гүлира Сатарова.