“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

“Нур Чолпон” бала бакчасында салттуу күз майрамы өттү

5 Ноябрь 2025 жыл 16:56
Көрүүлөрдүн саны: 147

 4-ноябрда Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы “Нур Чолпон” бала бакчасында жыл сайын өтүп келген салттуу күз майрамы быйыл да өзгөчө шаңга бөлөндү. Иш-чарада балдар мезгилдин кооздугу, түшүмдүн берекеси менен таанышып, чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Нур Чолпон бала бакчасында жыл сайын салтка айланган күз майрамы быйыл да балдардын кубанычтуу үндөрү менен коштолуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты — бөбөктөргө күз мезгилинде табиятта боло турган өзгөрүүлөрдү таанытуу,  түшүм жыйноонун баалуулугун түшүндүрүү жана алардын чыгармачыл шыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Бала бакчанын жетекчиси Назгүл Асанкожо кызынын айтымында, учурда бакчада 19 кызматкер эмгектенип, 65 бала тарбияланууда. Бөбөктөр жогорку, орто жана экинчи кенже тайпаларга бөлүнүп билим алышууда.

“Биз күз майрамын жыл сайын өткөрүп келебиз. Күз — өзгөчө мезгил. Балдар табияттагы өзгөрүүлөрдү көрүп-билип, түшүм жыйноо деген эмне экенин түшүнүшсүн деп ушул салтты улантып келебиз”, — дейт жетекчи.

Ар бир тайпа майрамга өзгөчө даярдык көрүп катышты. Тарбиячылар менен балдар күз мезгилине арналган ырлар, бийлер,  оюндарды сахнага алып чыгышты. Айрыкча 1,5–2 жаштагы бөбөктөрдүн сахнадагы аракеттери ата-энелерди жана жетекчиликти өзгөчө кубантты.

“Эң таасирдүү учур — кенже тайпадагы бөбөктөрдүн ырдап, бийлеп, күз жемиштерин жыйноого катышкандыгы болду. Алар кичинекей болсо да майрамдын маанисин түшүнүп аракет кылышты. Бул биздин чоң кубанычыбыз”, — деп бөлүштү жетекчи.

Бала бакчадагы тарбия процессинде майда моториканы өнүктүрүү, Монтессори жана башка заманбап методдор колдонулат. Бул ыкмалар балдардын кол-дене кыймылдарын жакшыртуу менен бирге акыл-эс, ой жүгүртүү жана көңүл буруу жөндөмдөрүн арттырууга багытталган.

Жылуу маанайда өткөн күз майрамы тарбиячылар менен бөбөктөрдүн биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы катары ата-энелердин чоң ыраазычылыгына татыды.

Илима Жумабаева.