“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Мектепте Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү

23 Сентябрь 2025 жыл 21:18
Көрүүлөрдүн саны: 160

23-сентябрда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара окуучулардын мамлекеттик тилге болгон сүйүүсүн арттырып, улуттук нарк-дөөлөттү урматтоого чакырды.

Кыргыз тили – улутубуздун жүрөгү, келечегибиздин алтын көпүрөсү. Бул улуу тилди урматтап, сактап, кийинки муунга мурастоо максатында мектептин кыргыз тилчи мугалимдери Жумакан Кожомкулова, Гүлнара Макмутова, Назгүл Ишенбаева жана Мээрим Касымованын демилгеси менен майрамдык кече уюштурулду.

Иш-чарада окуучулар кыргыз тилине арналган ырларды, макал-лакаптарды, көркөм окууларды жана сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты. Кыргыз тилинин улуулугу, анын ар бир кыргыз үчүн ыйык баалуулук экендиги тууралуу ойлор айтылды.

Майрамдык иш-чара окуучуларды тилди сыйлоого, аны өнүктүрүүгө жана таза колдонууга чакырып, “Кыргыз тилин сактоо – улутубузду сактоо, аны өнүктүрүү – келечегибизге жол ачуу” деген ураан алдында жыйынтыкталды.


Мамлекеттик тил күнү – ар бирибиз үчүн сыймык жана жоопкерчилик. Кыргыз тили – биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз жана көз карандысыздыгыбыздын белгиси.

Гүлира Сатарова, Илима Жумабаева.