“Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору

Кочкор району, Чолпон айылы

Корчубек Акназаров мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылды

1 Июль 2025 жыл 1:07
Көрүүлөрдүн саны: 80

Бүгүн Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн өзгөчө күн болду. ЖРТдан 201 балл алып жеңүүчү болгон Акылай Карыпбекова автоунаа байгенин ээси болсо, 200 балл алган жана эки жыл катары менен кыргыз тили сабагы боюнча областтык олимпиаданын жеңүүчүсү, республикалык деңгээлде да өз күчүн сынаган Акылай Болотбекова компьютер менен сыйланды. Мугалимдери Назгүл Ишембаева жана Сайнап Калиева 10000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

30-июнда мектепте аттестат тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өттү. Бул маанилүү иш-чарага мектеп жамааты, ата-энелер, меймандар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Жашоосундагы жаңы баскычка кадам таштап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн бул күн – унутулгус күндөрдүн бири болду.
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирзат Мамбетова өз куттуктоо сөзүндө бул күндүн маанисине токтолуп, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады:
«Бүгүн мамлекетибиз боюнча бүтүрүүчүлөр үчүн чоң мааниге ээ күн. Корчубек Акназаров мектебинин 47 бүтүрүүчүсү да бул кубанычтуу учурга күбө болушууда. Алар билим жолундагы маанилүү баскычты аяктап, жаңы келечекке бет алышты,» — деди ал.


Мектептен быйыл 43 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, алардын экөө – Акылай Карыпбекова жана Акылай Болотбекова – 200дөн жогорку упай алып, мектептин сыймыгына айланышты. ЖРТнын жыйынтыгында мектептин билим сапаты 73%ды түздү.
Жогорку упай алган окуучулар демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты. 201 балл алып, эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен Акылай Карыпбекова автоунаа ээси болду. 200 балл алган Акылай Болотбекова болсо заманбап ноутбук алды.


Акылай Карыпбекова бул ийгилигине 10-класстан бери максат коюп жеткенин айтып өттү:
«11-класста өзгөчө аракет кылдым. Айрым темалар оор болду, бирок курстарга катышып, мугалимдеримдин жардамы менен жеңе алдым. Бул ийгилигимде ата-энемдин жана класс жетекчим Назгүл Ишенбаеванын чоң салымы бар», — дейт Акылай.


Акылай Болотбекованын апасы, “Бүчүр таалай” бала бакчасынын тарбиячысы Кундуз Кумарбаева өз кубанычын мындайча бөлүштү:
«Кызымдын ийгилигине ишенгем. Мектептеги эжейлерге терең ыраазычылык билдирем. Мындай ийгиликтер көп болсун деп тилейм.»


Салтанат учурунда демөөрчүлөрдүн өкүлү Жакыпбек Бейшеналиев мындай деди:
«3 жыл мурун байге коюп, окуучуларга мотивация жаратууну көздөгөм. Эми мындан да жакшы автоунаа коебуз. Кийинки бүтүрүүчүлөр дагы азыртадан аракет кыла беришсин.»
Мектеп жамааты жана ата-энелер жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү шыктандырып келген демөөрчү, Чолпон айылынын тургуну Жакыпбек Бейшеналиев жана анын досторуна ыраазычылык билдиришти. Ал бүтүрүүчүлөр үчүн автоунаа жана баалуу белектерди байге катары коюп, билимге умтулган жаштарга күчтүү мотивация берип келет.
«Жакыпбек Бейшеналиевдин мындай демилгеси – бир гана белек эмес, бул жаш муунга болгон ишенимдин, колдоонун жана келечекке кам көрүүнүн үлгүсү», — дешет ата-энелер.

Мындан тышкары, Кочкор районундагы 35 мектептен 15 бүтүрүүчү 200дөн жогору упай алып, райондук деңгээлде да жогорку көрсөткүчтөр катталды. Райондун 90 бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестат менен мектепти аяктап, билим сапатынын жогорку деңгээлин көрсөтүштү.
Ал эми “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу кеңири салтанаттуу иш-чара 1-июлда маданият үйүндө улантылмакчы. Бул иш-чарада артыкчылык аттестат алган жана ЖРТда жогорку упай топтогон окуучулар сыйланып, келечекке дем берип, алардын ийгиликтери эл алдына тартууланат.

Илима Жумабаева.